«Kazakh TV» телеканалы кыргыз тилинде даярдалган берүүлөрдү көрсөтө баштады

Автор -
232

Бүгүн, 1-майдан тартып Казакстандын «Kazakh TV» телеканалы кыргыз тилинде даярдалган берүүлөрдү көрсөтө баштады. Бул тууралуу total.kz  агенттиги жазып чыкты.

Маалым болгондой, буга чейин аталган телеканал казак, орус жана англис тилдеринде берүүлөрдү даярдап келген. Эми төртүнчү тил катары кыргыз тили да кошулган. Бүгүнкү күндө 450дөн ашуун долбоор кыргыз тилине которулуп, үн коштолгон.

«Кыргыз-Казак бир тууган. Эки элдин салт-санаасы, үрп-адаттары да окшош. Биздин телеканал Борбор Азиядагы бардык өлкөлөр менен иштешүүгө даяр. Буюрса, күз айларында өзбек тилиндеги берүүлөрдү да даярдай баштайбыз», — деген телеканалдын өкүлү Алмагүл Ахметжанова.

Ошондой эле учурда телеканалга кыргыз тилинде эркин сүйлөгөн журналисттер, дикторлор жана редакторлор жумушка алынгандыгын кошумчалаган.

Белгилей кетсек, «Kazakh TV» телеканалы 2002-жылдан тартып көрсөтө баштаган. Ал эми 2017-жылдын 16-ноябрынан баштап 3 тилдеги берүүлөрдү даярдай баштаган.