Жыл башынан бери «бомба коюлду» деп телефондон жалган маалымат берген беш окуя катталды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз катчысы Бакыт Сейитов кабарлады.
Бомбага байланыштуу соңку окуя 29-апрелде катталды. «Бишкек 2» темир жол бекетине бомба коюлганы тууралуу кабар милициянын нөөмөт бөлүмүнө түшкөн. УКМКнын адистери текшергенден кийин жарылуучу зат табылган эмес. Андан мурда 27-апрелде белгисиз адам «Бишкек Парк» соода борборунун кабылдамасына телефон чалып, «жардыргыч зат орнотулганын» айткан. Кийин бул жалган маалымат болуп чыккан. 26-апрелде Бишкекте жайгашкан Борбор Азиядагы Америка университетине «бомба коюлганы» кабарланып, бирок тастыкталган эмес. Ага чейин бир канча жолу ушундай факт болуп, айрым «телефон террорчулары» кармалганы айтылган.
Кылмыш-жаза кодексинин 228-беренесине («Терроризм актысы жөнүндө атайылап жалган билдирүү жасоо») ылайык, мындай маалымат берген адам айыппул төлөп, кара жумушка тартылат же үч жылга чейин камалышы мүмкүн.