4-майда Ысык-Көл, Нарын облустарында жана Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоо этектеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт.
Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 20…25;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27; Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 15…20;
Нарын дубанында түнкүсүн 3…8, күндүз 16…21;
Бишкек шаарында 4-майда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус жылуу.