Санкт-Петербург шаарындагы курулушта каза тапкан кыргыз жаранына компенсация төлөндү

Автор -

Санкт-Петербург шаарында «Нева-Мастер» курулуш ишканасында каза тапкан кыргыз жаранына компенсация төлөнүп берилди

Акыйкатчынын басма сөз кызматынан билдиришкендей, Ош областынын Кара-Суу районунун тургундары Р.А жана анын келини Э.М арыз менен кайрылышкан. Арызда Р.Анын уулу У.З Россия федерациясынын Санкт-Петербург шаарында «Нева-Мастер» курулуш ишканасында иштеп жатып 2015-жылы каза тапкандыгы тууралуу болгон. Бул кырсыкка 3 кыргыз жигит учурап үчөө тең жеринде каза тапкан, алардын бири орус жараны болгон.

Аталган арыз 2016-жылы Акыйкатчынын көзөмөлүн алынган.

«Окуя тууралуу Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министирлиги менен болгон тыгыз иштешүү натыйжалуу болду. Мындан сырткары Россия Федерациясында жайгашкан Кыргыз Консулдугу менен да кошумча сүйлөшүүлөр жүргүзүлүп турду. Иштин жыйынтыгында каза болгондордун бири Р.А. үй-бүлөсүнө 333333 рубль акчалай каражаты ААК «РСКА БАНКка» Орусия Федерациясынын Социалдык камсыздандыруу фондусунун буйругу менен которулган»,-деп жазылат маалыматта.

Ал эми 2018-жылдын март айында каза болгон У.З жашы жете элек балдарынын атына 600 000 рубль акчалай каражаты ААК «РСКА БАНКка» Россия Федерациясынын Социалдык камсыздандыруу фондусунун буйругу менен которулду.

У.З. үй-бүлөсүнө жалпы 1000000 рубль каралган, бирок тийиштүү документтер учурунда топтолбогондугу үчүн акча толук берилбей калган, эгерде керектүү документтер кайрадан топтолсо, калган акча да которулуп берилет.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү