Москвада 15 жаштагы кыргыз кыз өлүү наристе төрөдү

Автор -

Москва шаарында 15 жаштагы кыргыз кызы өлүү наристе төрөдү. Бул тууралуу «Моска» агентиги жазып чыкты.

«6-майдан 7-майга караган түнү ооруканага үйүндө көз жарган кызды жеткиришкен. Ал Москва шаарынын Новаторов көчөсүндөгү батирлердин биринде төрөгөн. Өспүрүм кош бойлуу аял катары төрөт үйүнө каттоого турган эмес»,-деп жазылат маалыматта.

Ымыркайдын жансыз денеси өлүкканага, кыз болсо бейтапканага жеткирилген. Учурда тергөө комитетинин кызматкерлери окуянын бардык жагдайларын аныктап жатканы айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү