Шубин мектебинин окуучулары Казакстанда баш байгеге ээ болушту

Автор -
368

Казакстан Республикасынын  Алматы шаарында «Бакытты елдин урпагы» аталышында кароо -сынак фестиваль болуп өттү. Бул фестиваль кароо-сынакка 5  өлкөдөн 800 өспүрүм 3 жаштан 21 жашка чейин катышышты.

КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришкендей, аталган  эл аралык  фестиваль кароо-сынакта  П.Ф.Шубин атындагы ББММ мекемесинин 3 окуучусу катышып,  ар бири өздүк жаш категориясында баш байгени утуп келишти.

Алар:

1.Бакирдинова Аяна 9 жашта (аспаптар искусствосу)

2.Нааматбекова Боогачы 11 жашта (улуттук аспаптар)

  1. Аширалиев  Нурсултан 13 жашта (улуттук аспаптар)

Ал эми  ушул фестивалга калыстар мүчөсү болуп барган КР  эмгек сиңирген артисти Гульзинат Суранчиева  «Үздүк устаз» төш белгиси менен  сыйланды.

Сынактын катышуучулары  КР маданият, маалымат жана туризм министрлигинин колдоосу жиберилген.