Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы «Аврора» пансионатында чет элдик спортчулар тамак-ашка ууланды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-май күнү саат 15:30дан 16:00 гө чейин 16 спортчу Ысык-Көл облустук санаториясына жаткырылган. Ал эми түндөсү дагы эки спортчуну алып келишкен.
«Спортчулардын бирөө Бириккен Араб Эмираттары жана алтоо Ирандан келген кикбоксчулар. Жалпы эсеп менен 18 спортчу ууланган. Ал эми тамак-аштарды Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти текшерүүгө алып кетишти. Азырынча так маалымат аныктала элек», — деп билдиришти.
Учурда бул факты Ысык-Көл ОИИБинде катталып, тийиштүү чаралар көрүлүүдө.