9-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
369

Кыргызстанда 9-майда жаан-чачын болбойт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 5…10, күндүз 23…28;

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 21…26;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 9…14, күндүз 25…30;

Баткенде түнкүсүн 9…14, күндүз 26…31;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 1…6, күндүз 15…20;

Нарын облусунда түнкүсүн 1…6, күндүз 16…21 градус ысык болот.

Бишкекте 9-майда күн ачык болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 27…29 градуска чейин жогорулайт.

 

Бөлүшүү