12-майда эртең мененки саат 09.00дөн 16.00гө чейин Балыкчы – Чолпон-Ата – Каракол жолунун Корумду айылына чейинки бөлүгү жабылат. Бул тууралуу Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жол кыймылын чектөө 7-Эл аралык марафон өткөрүүгө байланыштуу. Аталган иш-чарага башка мамлекеттерден спортчулар катышат.
Жогоруда айтылган жолдун бөлүгү жабылгандыгына байланыштуу «Балыкчы—Бөкөнбаев—Каракол» жолу аркылуу өтүү сунушталат.