12-майга карата өлкө аймагында күтүлгөн аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
229

Кыргызстанда 12-нен 16-майга чейин туруксуз аба ырайы күтүлөт.

12-майда түнкүсүн жаан-чачын болбойт. Күндүз Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорго кар жаайт. Ысык-Көл, Нарын облустарында жаан-чачын жок.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден, күндүз Чүй, Талас жана Нарын облустарында 17-22 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 14…19, күндүз 22…27;

Таласта түнкүсүн 14…19, күндүз 21…26;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;

Баткенде түнкүсүн 15…20, күндүз 25…30;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26;

Нарын облусунда түнкүсүн 6…11, күндүз 21…26 градуска чейин жогору болот.

Бишкекте 12-майда түнкүсүн жана күндүн биринчи жарымында жаан-чачын күтүлбөйт, күндүн экинчи жарымында жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 17…19, күндүз 25…27 градуска чейин көтөрүлөт.