Стендапер Назгүл Аилчинова: Стендаперлердин баары эле акча таппаган кедейлер

Автор -
528

Stand Up Comedy Bishkek клубунун резиденти, 3 баланын энеси, мыкты жубай, тамашакөй Назгүл Аилчинова saat.kg агенттигине жашоосундагы жана Comedy баттл шоусундагы кызыктуу окуялар менен бөлүштү.

-Назгүл айым, Comedy баттл шоусунун жарым финалына өтүшүӊүз менен куттуктайбыз. Алгач өзүӊүз тууралуу тааныштырып өтсөӊүз.

-Рахмат! Кандай десем, 3 баланын апасымын, турмуш жолунда жүргөнүмө 12 жыл болду (күлүп). Атам Көлдүк бирок, менин балалыгым Бишкекте өттү. Атым Назгүл.

—  Comedy баттл шоусунун жарым финалына кантип катышып калдыныз?

-«Stand up» шоусуна келгениме 3-4 ай болуп калган ошондо. 2017 жылы март айында интернеттен Comedy баттл шоусунун биринчи сынагын көрүп калдым. Анда Анзор Борзоев «Открытый микрофонго» жолдомо алса, Нурсултан Айдаров 5-орунду алган. Мен катышып, бирок утпай калгам. Анан ушул эле конкурстун кастингги 14-майда дагы жарыяланды. Мына ошондо мен жеӊип Россияга жолдомо алдым.

— «Stand up»  сиз үчүн эмне? Жашооӊузда кандай роль ойнойт?

-«Stand up» мен үчүн- көӊүл ачуу. Кыларга иш жок кезде бир нерселерди жаза коймой (күлүп). Үй кожойкелердин хоббиси жакшы көргөн жумушу  бар эмеспи мен үчүн да ошондой. Жашоомдогу жаӊы, кызыктуу, көӊүлдүү жаӊылык, өзгөчөлүк десем болот.

— Тамашаларды кайдан аласыз? Эмнеден улам шыктануу жаралат?

-Тамашаларымды жашоомдон эле алам. Досторум менен отурганда, кино көрүп жатканда ар кандай ойлор келет. Ошолорду эле жазып коем. Шыктануу деп күтүп отурбайм, негизи жашоодо абдан тамашакөй адаммын балким ошого тамашалар оӊой жаралат. А кээ бир адамдар атайын «Stand up» үчүн окушат, менде андай кыйынчылык жарала элек.

— «Stand up» шоусунда жарым финалга өтүӊүз, кандай кыйынчылыктар болду?

-Конкурска Россиянын ар кайсы бурчунан катышуучулар барды. Анан бизге аябай күлкүлүү болгон тамашаларга алар күлбөйт, ушуга да күлөсүӊөрбү депчи,  алар жыргаган тамашаны же мен түшүнбөйм (күлүп). Чынын айтканда эӊ чоӊ кыйынчылык булл «менталитет» болду. Анткени, алардын менталитети биздикинен таптакыр башкача. Эми, кыргыз болгондон кийин орусча 100  пайыз билбейсиӊда. Анан менин видеомо бирөө «акценттиӊ» бар экен деп жазып коюптур (күлүп). Болотта анан, мен деген кыргызмында.

— Кандай эсте калган окуялар болду?

-Commedy баттлдын экинчи турун бүтүрүп Кыргызстанга Нурсултан Айдаров экөөбүз кайтып келе жатканбыз. Анан аэропортко кечигип калдык же аэропортту жакшы билсекчи. Нурсултан өзүнүн жүгүн менин сумкаларымы көтөрүп алып, аэропортто чуркадык анан. 15 минутада араӊ документтерди тапшырып жетишип, калдык. Жанагы «Один дома» тасмасы барго кудум эле ошондой болдук, бири-бирибизди унутуп кала жаздадык (күлүп). Анан Кыргызстанга келип эле самолеттон жерге түшөлү десек менин бутум бастырбай оорутат, Нурсултан оор жүктөрдү көтөргөндөнбү анын далысы карышып калыптыр.  Бир аз кечиксек билетибиз да күйүп, өзүбүзда Москвада калып, «гастарбайтер» болуп кете жаздадык (күлүп). Иши кылып зорго Кыргызстанга келдик.

— Конкурстун жарым финалдык этабына даярдык кандай болууда.

— Негизи бир этаптан кийинки этапка чейин жаӊы тамаша жазып, даярданышыӊ керек. Анан сонун болду жаздым деп ойлоп алып барсаӊ тамашаларыӊ редакторлорго жакпай калат. Ал жерин оӊдо бул жерин ал деп атып 20-30дай тамаша жазып барсаӊ ошондон 4-5и эле калат. Анан эӊ акырында ТНТ телеканалынын башкы продюсери Дусмухаметов өзү текшерет. Мына ошондо гана даяр болосуӊ. Анан ал жакта бизге продюсерлер дайыма айтып турчу жазгыла, биз баардык шартты түзүп берип жатабыз. Силер бир гана жазышыӊар керек деп. А негизи менин тамашаларым аларга жакчу, анан мен жөнүндө сүйлөшүп жатканын ошол жактагы бир катышуучу кыз угуп калыптыр. Назгүлдүн стили башкача ошол бойдон калсын өзүӊөргө окшотуп өзгөртпөгүлө, ал башкаларга окшобойт деп айткан экен. Эми ал жака мага окшогон катышуучу биринчи жолу барса керек (күлүп). 3 баланын апасы, азиат улутундагы айым аларга кызык болдуда.

-Жеңүүчү 500 000 рублге ээ болот экен. Эгерде утуп калсаӊыз эмне кыласыз?

— Оуу, 5 млн утсам… Ммм, жер алмакпыз, чоӊураак үй салмакпыз болду ошо менен бүтүп калмак (күлүп). 5 млн утуп келсем туугандардан чыгып каламго (күлүп). Россиядан келгенде туугандар айтып аткан 5 млн утсаӊ сенден 1 млн сурап туралы дегенбиз, а дагы бир тууганыбыз 300 миӊ берип турсаӊ машина алайын дегем деп атышпайбы… 5 млн утсам карыз болуп калмак окшойм (күлүп) Кыргызда сөз барго 1 бөтөлкөнү 2 бөтөлкө менен жууйсуӊ деген. Мен да 5 млн утсам 10 млн менен жууйт окшоймда (күлүп).

-Стендапта катышып жүргөнүӊүздү жолдошуӊуз, кайын журтуӊуз кандай мамиле кылат. Түшүнүп колдойбу?

-Жолдошум  ар тараптан колдойт. Кайын журтум түшүнбөйт (күлүп). Аныӊ эмне дейт мен «орусча-кудул» деп коем болду. А сыналгыдан чыгып калсам, сени көрдүк деп калышат. Ушу жарым финалга бара жаткана 5 млн утуп кел деп жөнөтүшкөн (күлүп).

Щя начнётся)))

A post shared by Назгуль Аилчинова (@alymkulova_nazgul) on

— 2 кыз 1 уулунуз бар экен аларды да өзүӊүздөй Стендапка берет белеӊиз?

-Уулум 11ге толду. Анан жана күнү апа мен да стендапка барсам эмне кыласыз деп калыптыр. Анан тамашалап күлдүм анда экөөбүз теӊ бекерчи болобуз. Стендаперлердин баары эле акча таппаган кедейлер, анда чогу  атаӊдын мойнуна отурабыз деп койдум. Негизи стендапер болом деп азырынча айтыша элек.

— Үйдө отурган кожойкелерге кандай кеӊеш бересиз?

«Айымдарга өзүӊөргө жаккан, колуӊардан келген жумушту кылгыла. Өзүӊөр сүйгөн жумушта иштегиле»— деп айтмакмын. Бирөө жакшы тигет, бирөө жакшы ырдайт кээ бири мага окшоп тамашакөй да. Жашоодо эргүү алган жумушту кылсаӊ бактылуу болосуӊда. А бактылуу адам жанындагыларга да жакшы маанай тартуулайт эмеспи. Ошого ар дайым күлүп, жашоодон ырахат алып жашагыла демекчимин.

Я победила #камедибаттлбишкектнт

A post shared by Назгуль Аилчинова (@alymkulova_nazgul) on

 

Бөлүшүү