Шашылыш билдирүү! 18- 20-майда Кыргызстанда аба ырайы кескин өзгөрүлөт

Автор -

18-майдан 20-майга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.

18-майдан тартып өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаап, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын дыйканчылык аймактарында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, Ысык-Көлдө жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 15-20 метрге жетет.

18-майга карата аба ырайы тууралуу маалыматты шилтемеден окуй аласыз.