22-майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -
225

22-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында күндүз мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, күндүз Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.

Чүй менен Таласта 23…28 градус жылуу болот. Ош жана Жалал-Абад облустарында 20…25, ал эми Баткенде 21…26 градуска чейин жогорулайт. Ысык-Көлдө 16…21, Нарында 19…24 градус нөлдөн жогору болот.

Бишкек менен Ош шаарларында жаан жаап, абанын температурасы борбор калаада 24…26, ал эми Ош калаасында 20…22 градус жылуу болору айтылды.