Казак-өзбек форумунда $60 млн. долларлык келишимге кол коюлду

Автор -

22-майда Шымкентте казак-өзбек ишкер форумунун алкагында бир катар документтерге кол коюлду. Түштүк Казакстан акимчилигинин маалымат кызматы билдиргендей, форум эки өлкөнүн расмий өкүлдөрү жана жүздөгөн ишкерлердин катышуусунда өттү.

Иш-чаранын катышуучулары биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу, продукцияларды экспорттоо жана импорттоо, башка өлкөлөрдүн базарларына чыгууда биргелешип иш алып баруу мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Казак басылмалары форумдун алкагында 62 миллион долларлык сегиз келишимге кол коюлганын жазышты. Алардын арасында текстиль өндүрүшүн колго алуу, медициналык жабдууларды чыгаруу боюнча меморандумдар да бар. Форумдун алкагында ишкер кеңештин алгачкы жыйыны өттү.

Өзбекстан соңку кездерде коңшулар менен саясий жана экономикалык мамилелерди бекемдөөгө аракет жасап келет. Тышкы саясаттагы өзгөрүүлөр 2016-жылы бийликке Шавкат Мирзиёевдин келиши менен башталган. Расмий Ташкент Борбор Азия өлкөлөрү менен кызматташтыкты бекемдөө тышкы саясаттагы приоритеттүү багыт экенин белгилейт.

Бөлүшүү