Жалал-Абадда облусунун аймактарында мыйзамсыз курал-жарак алынды

Автор -

Жалал-Абад облусунун аймактарынан (Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Таш-Көмүр, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон) мыйзамсыз сакталган 9 курал алынды.

Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлагандай, сегиз ок атуучу куралдын бирөө сайлуу, сегиз даанасы сайсыз.

«Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзгөн убакта жер төлөсүнөн 51 даана 5,45 мм калибрдеги, 13 даана 7,62 мм калибрдеги автомат октору алынды»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.