24-майда түнкүсүн мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында жаан-чачын катуу жаайт. Күндүз Нарын, Ысык-Көлдө жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден Ысык-Көл акваториясында жана Нарын облусунун дыйканчылык аймактарында 17-22 метрге жетиши күтүлөт.
Чүй менен Таласта абанын температурасы 18…23 градуска чейин көтөрүлөт. Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында 19…24 градус жылуу болот. Ысык-Көл менен Нарында 12…17 градус нөлдөн жогору болору айтылды.
Бишкек менен Ош шаарларында күндүз жаан жаайт. Борбор калаада күндүн табы 20…22 градуска чейин көтөрүлсө, Ош калаасында 21…23 градус жылуу болот.