Бишкектеги Айни көчөсүнүн бөлүгү оңдоп-түзөө иштерининен кийин ачылды

Автор -

24-майдан тарта унаа кыймылы үчүн Айни көчөсүнүн Ч.Айтматовдон Псков көчөсүнө чейинки бөлүгү ачылды.

Бишкек мэриясынын Капиталдык курулуш башкармалыгынан билдиришкендей, Айни көчөсүндөгү жол оңдоо иштери 2018-жылдын 23-мартында башталган.

Жүргүзүлгөн оңдоп-түзөө иштеринин алкагында ал тилкеде жалпы узундугу 1,4 чакырым жол катмары алмаштырылып, бордюрлар орнотулду.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү