Калың кардын кесепетинен Ысык-Көл районунундагы кыштоодо 112 кой өлдү

Автор -
394

2018-жылдын 24-май күнү  Ысык-Көл облусунун Ысык-Көл районунда кар калың жаагандыгына байланыштуу Сары-Камыш айылынын Эки-Чат кыштоосунда 5 чабандын баардыгы болуп 112 койу жана 1 уйу өлгөн. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, куткаруучулар жерине барып, кардын астынан өлгөн малдарды чыгарып, сарайларды кардан тазалашкан.