Ысык-Көл жана Ак-Суу районунда кар жаады

Автор -
992

Ысык-Көл жана Ак-Суу районунда кар жаады.

ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Тамчы айыл аймагынын Кайкы жана Чок-Тал жайлоолорунда, ошондой эле Ак-Суу районунун Жыргалаң а/а. Ак-Сай, Чымынды-Сай, Көк-Сай, Көк-Бел, Арашан, Алмалуу, Шахты жайлоолорунда кар калың жаагандыгына байланыштуу, мал жандыктарга зыян келтирилген деген маалымат түшкөн.

Жерине саат 09:30да Ысык-Көл райондук бөлүм башчысы жана Жарандык коргонуу комиссиясы, Ак-Суу районуна КР ӨКМнин Ысык-Көл облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, 10 куткаруучу жана Жарандык коргонуу комиссиясы чыгып кеткен.

Кошумча маалымат берилет.