Тарых музейин оңдоп-түзөө иштерине бюджеттен 1,5 миллиард сом бөлүнгөн

Автор -
206

Бүгүн, 25-май  «Ата Мекен» фракциясынын көчмө жыйыны учурунда каржы министринин орун басары Улугбек Карымшаков тарых музейин оңдоп-түзөөдө бюджеттен канча сом бөлүнгөнүн айтты.

«Өткөн жылы 9-июнунда Улуттук тарых музейин оңдоп-түзөөгө республикалык бюджеттин капиталдык салымдар беренесинен акча каражаты бөлүнгөн. Биринчи баскычында 700 миллион сом каралган болчу. Өкмөттүн чечими Жогорку Кеңештин Бюджет жана каржы комитети менен макулдашылган. Август айында кошумча 869 миллион 400 миң сом суммасындагы каражат бөлүнгөн. Жалпысынан музейди реконструкциялоого, экспонаттарды жана эмеректерди сатып алууга мамлекеттик бюджеттен 1 миллиард 569,4 миллион сом сапталган»,-деп билдирди Карымшаков.

Белгилей кетсек, бүгүн, 25-майда  «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Тарых музейинде көчмө жыйын өткөрүүдө.

Бөлүшүү