28- майга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Автор -

Кыргызстанда 28-майда көпчүлүк аймактарда жаан жаап, күн күркүрөйт, жайлоолордо жаан карга айланышы мүмкүн. Тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.

Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында катуу жаан-чачын болот. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрден 17-22 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 8…13, күндүз 13…18;

Таласта түнкүсүн 7…12, күндүз 13…18;

Ош жана Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 16…21;

Баткенде түнкүсүн 12…17, күндүз 16…21;

Ысык-Көлдө түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17;

Нарын облусунда түнкүсүн 4…9, күндүз 12…17 градуска чейин көтөрүлөт.

Бишкекте 28-майда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден 15-20 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 11…13, күндүз 16…18 градус жогору болот.

Бөлүшүү