Абдыкадыров «Улуттук энерго холдингге» жетекчи болуп дайындалды

Автор -

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун чечими менен «Улуттук энерго холдинг компаниясы» ААКнын төрагасы кызматына Азамат Абдыкадыров келди. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 25-майда ал уюмдун жалпы жамаатына тааныштырылган.

«Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун чечими менен «Улуттук энергетикалык холдинг» ишканасына Азамат Абдыкадыров төрага болуп дайындалды. Ал жума күнү жамаатка тааныштырылды», — деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, «Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы» ААКнын мурдагы жетекчиси Айбек Калиев «Бишкек ЖЭБди модернизациялоо» долбоорун ишке ашырууда коррупция фактысы боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында шектүү катары УКМК тарабынан кармалган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү