ИИМ: 29 жаштагы жигит ала качкан кызды милициянын имаратында бычактады

Автор -
243

20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында алып качкан 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө кызды бычактап, кийин өзүнө да кол салган.

Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришкендей, Биринчи Май РИИБине 20 жаштагы кызды үй-бүлө куруу максатында уурдап кетишкени боюнча маалымат келип түшөт.

«Сосновка айылындагы посттон Чүй ОИИББинин кызматкерлери Subaru Outback үлгүсүндөгү унааны токтотушкан. Унааны 29 жаштагы Б.М. аттуу айдоочу башкарып келе жаткан. Машинанын ичинде 30 жаштагы С.А.аттуу эркек киши жана 20 жаштагы Т.Б. аттуу кыз болгон. Алар Жайыл РИИБине жеткирилген. Ал эми 20 жаштагы кызды кабыл алуу бөлүмүнө киргизишет. Бир аз убакыттан кийин ал бөлмөгө Б.М. (ала качкан адам) кирип келип эшикти ичинен бекитип алган. Ал бөлмөдө уруш-талаштын дабышы чыккандан улам, эшикти талкалап кирген милиция кызматкерлери жерде канчалап жаткан кызды көрүшкөн. Ал эми ага кол салган жаран өзүнө да кошо бычак сайган»,-деп айтылат маалыматта.

Жабырлануучу 20 жаштагы Т.Б. Жалал-Абад облусунда төрөлүп, Бишкек шаарында жашаган. Кыз алган жаракаттарынан улам оорукананын жандандыруу бөлүмүндө көз жумган. Ал эми кылмышка шектелген 29 жаштагы таластык кишиге операция жасалып, учурда ооруканада. 30 жаштагы С.А. аттуу жүргүнчүсү Жайыл райондук ИИБдин тергөө кызматына өткөрүп берилди.

Учурда бул окуя боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренеси (киши өлтүрүү) боюнча иш козголуп, тергөө иштери башталды. Ошондой эле окуя боюнча кызматтык иликтөө жүрө турганы айтылат маалыматта.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү