ӨКМ: Токмок шаарында батирден 81 жаштагы аялдын сөөгү табылды

Автор -

Токмок шаарында эшиги жабылып калган батирдин ичинен 81 жаштагы аялдын сөөгү табылды.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, 2018-жылдын 26-майында болжол менен саат 11:40 чамасында куткаруучулар эшиги жабылып калган батирди ачышкан.

«Батирдин ичинде 1937-жылы туулган С. А. А., аттуу жарандын жансыз денеси табылган. Куткаруучулар маркумдун денесин ИИМнин кызматкерлерине өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.

 

Бөлүшүү