Жайыл райондук милиция бөлүмүндө кызды бычактап өлтүрүүгө шектелген киши Бишкекте жүргүнчү ташыган 240-маршрутканы айдап иштеп жүргөн. Бул туурасында Чүй ОИИББдин башчысы Нурлан Сарчаев маалымат жыйында билдирди.
Анын айтымында, киши колдуу болгон кыздын атасы дагы ушул эле каттамда эл ташып иштейт.
Кызды ала качкан эки кишини «Сосновка» өткөрмө бекетинен саат 00.10 чамасында Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери Subaru Outback унаасы менен бара жатканда кармап, Жайыл райондук милиция бөлүмүнө алып келген.
«Шектүү турган жай менен кабылдаманын аралыгы 10 метрдей гана болгондуктан, Б.М унаасынан алган бычагын байпагына катып кирип, кызды бычактап салган»,-деп билдирди Сарчаев.
Бул факты боюнча Кылмыш жаза кодексинин 316-беренеси (шалаакылык) менен прокуратура тарабынан Жайыл райондук милициясына кылмыш иши козголду.
28-май күнү 29 жаштагы киши Чүй облусуна караштуу Жайыл районунун ички иштер бөлүмүндө ала качып алган кызын бычактап, кийин өзүнө да кол салган.
Буга чейин кыздын атасы Кожоналиев Турдали ала качып кеткен жигит Б.М. кызынын көкүрөгүнө бычак менен «Н+Б» деп жазып койгонун кабарлаган.