Республиканын аймагында күтүлгөн аба ырайы жөнүндө маалымат

Автор -
281

Түнкүсүн тоо этектерде жаан, тоолуу райондордо кар жаайт-деп билдирет Кыргызгидромет. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Нарын облусунда жана Ысык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет. Күндүз жаан-чачын болбойт. Түштүк-чыгыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 3-8 метр болот.

Абанын температурасы:

Чүйдө түнкүсүн 4…9, күндүз 22…27,

Баткенде түнкүсүн 7…12, күндүз 24…29,

Таласта түнкүсүн 3…8, күндүз 22…27,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 7…12, күндүз 23…29,

Нарын, Ысык-Көлдө түнкүсүн 3…8, күндүз 17…22,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн -3…-8, күндүз 5…10 градус болот.

31-май Бишкек шаарында жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 5…7, күндүз 23…25 градуска чейин көтөрүлөт.

 

Бөлүшүү