Астана аэропортто кыргыз жарандарын кошумча текшерүү боюнча түшүндүрмө берди

Автор -

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Алматы шаарындагы Эл аралык аэропортто кыргыз жарандарын системалуу түрдө текшерүү боюнча түшүндүрмө нотасын жиберди. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Казак тарап нотада мамлекеттик чек ара пункттарындагы текшерүү коопсуздукту коргоо максатында күчөтүлгөнүн кабарлайт. Анда белгиленгендей, жарандарды суракка алуу эл аралык террордук уюмдардын мүчөлөрүн аныкташ үчүн жүргүзүлүүдө. Буга чет мамлекеттерде террордук актылардын көбөйгөнү себеп болгон. Суракка бардык мамлекеттердин жарандары алынып жатканы да документте белгиленет.

Буга чейин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Алматыдагы аэропортто кыргыз жарандарын кошумча текшерүү иштери жүргүзүлүп жатканын айтып, Казакстандын Тышкы иштер мекемесине нота жөнөткөн. Анда айтылгандай, Казакстандын тийиштүү органдары кыргыз жарандарын эч кандай түшүндүрмөсүз өзүнчө бөлмөдө сурак кылып, паспорттук маалыматтарын, жашаган жерин жазып алууда. Казак тарап ошондой эле кыргызстандыктардын телефон номерлери менен кошо уюк байланыш каражаттарынын IMEI коддорун да көчүрүп алып жатышканы айтылган.

Бөлүшүү