Чолпон-Ата шаарында 35-жаштагы тургун 30 кг баӊгизат менен кармалды

Автор -

Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жергиликтүү тургун ири өлчөмдөгү баңгизат менен кармалды.

Ысык-Көл ОИИБинин басма сөз кызматынын маалыматына ылайык, милиция кызматкерлерине «Көгүлтүр Ысык-Көл» санаториясынын кайык станциясында ири өлчөмдө баңги заты мыйзамсыз сакталып жатат деген ыкчам кабар түшкөн. Аталган жерди текшерген учурда капка салынган спецификалык жыты бар өсүмдүк табылып алынган. Ал эми, баңгизат 35-жаштагы жергиликтүү тургун А.Резванга тиешелүү экендиги аныкталган.

«Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган баңги заты марихуананын түрүнө кирет жана контролдук өлчө жүргүзгөндө, анын салмагы 30 киллограммды түздү. Шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилген»,-деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча Ысык-Көл РИИБдин тергөө кызматы тарабынан Кылмыш-жаза кодесинин 246-беренси (Башкага берүү максатын көздөбөстөн баңги каражаттарын же психотроптук заттарды мыйзамсыз даярдоо, сатып алуу, сактоо, ташуу же жөнөтүү) менен кылмыш иши козголуп, тергөө иштери жүрүүдө.

Белгилей кетсек, кече Жалал-Абад облусунун Кочкор-Ата шаарында 51 жаштагы аял жарым килограмм баңгизаты менен кармалган. 

Бөлүшүү