Депутат Осмонбек Артыкбаев УКМКга суракка кирип кетти

Автор -
224

Бүгүн, 5-июнда саат 17:00дө Жогорку Кеңештин депутаты Осмонбек Артыкбаев УКМКга суракка кирип кетти.

Буга чейин саат 15:00дө Бажы кызматынын экс-башчысы Кубанычбек Кулматов, саат 16:00дө мурдагы премьер-министр Сапар Исаков суракка кирип кекен.

Эске салсак, Жогорку Кеңештин жыйынында ЖЭБ маселеси талкууланып жатканда Осмонбек Артыкбаев Бишкек ЖЭБин модернизациялоо долбоору менен энергетика министри болуп келгенде иштей баштаганын айткан.

«Мен өзүм кол койгон документтерге жооп берүүгө даярмын. Бул долбоор менен министр болуп келгенде иштей баштагам. Мага чейин иш башталып, даяр болуп калыптыр. Мен келгенде орун басарым Аскарбек Шадиевдинкарамагында экен. Мага президенттин тапшырмасы келген. Анда Исаковдун колу бар экен», — деп айткан Артыкбаев.

Бөлүшүү