Өзгөн району: Төрт-Гүл көлүнө өспүрүм  бала чөгүп кетти

Автор -

Ош облусунун Өзгөн районунун Кароол айыл аймагынын Мырза-Арык айылында жайгашкан Төрт-Гүл көлүнө бир жаран чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, окуя бүгүн, 7-июнда болжол менен саат 14:00дөр чамасында катталган.

«2001-жылы туулган У уулу Н сууга чөгүп кеткен. Издөө иштерине куткаруучулар тартылып, саат 15:30да маркумдун жансыз денесин суудан табышып, туугандарына өткөрүп беришкен»,-деп айтылат маалыматта.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү