Эртеӊ, 9-июнда түнкүсүн мезгил-мезгили менен өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Чүй, Нарын облустарында 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүйдө түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Таласта түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Баткен, Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 13…18, күндүз 26…31;
Ысык-Көлдө түнкүсүн 9…14, күндүз 19…24;
Нарында түнкүсүн 7…12, күндүз 20…25;
Бишкекте күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Абанын түнкү төмөнкү температурасы 16…18, күндүзгү жогорку температурасы 28…30.