Казакстан Кытай жарандарына визасыз режим киргизилгенин четке какты

Автор -

Казакстандын Тышкы иштер министрлиги Кытай жарандары үчүн виза режимин жеңилдетүү боюнча сүйлөшүүлөр болгондугу тууралуу социалдык түйүндөрдө таркатылган билдирүүлөрдү четке какты.

«Казакстан Кытай менен визасыз режим киргизүү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөн жок. Кытай жарандары үчүн визасыз режим киргизүү тууралуу социалдык түйүндөрдө таратылып жаткан маалыматтар жалган жана чагым», — деп айтылат ТИМдин билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, Астана Кытайдын эл аралык аэропорттору аркылуу үчүнчү өлкөлөргө учкан Казакстан жарандары үчүн визасыз жүрүү мөөнөтүн 24 сааттан 72 саатка чейин узартуу, ошондой эле Кытайга барууну каалаган казакстандыктарга жеке визаларды берүүнү калыбына келтирүү боюнча Пекин менен активдүү сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы бул багыттагы сүйлөшүүлөр эки тараптын кызыкчылыктарын эске алуу менен уланып жатканын белгиледи.

Апрелде Астана жана Алматы эл аралык аэропорттору аркылуу казак авиакомпаниялары менен үчүнчү өлкөлөргө учкан Кытай жана Индия жарандары үчүн жыл соңуна чейин 72 сааттык визасыз режим иштей тургандыгы жөнүндөгү казак өкмөтүнүн токтому жарыяланган.

Бөлүшүү