20 жаштагы Бурулайды милициянын имаратында өлтүргөн шектүү абакка киргизилди

Автор -
269

Жайыл районунда милиция имаратында бычакталып каза болгон 20 жаштагы Бурулай Турдали кызынын өлүмүнө шектүү болгон 29 жаштагы жигитти бүгүн СИЗО-1 которушат.

Чүй облустук ИИБдин басма сөз кызматынан билдиришкендей,  шектүү  Б.М. 11-июнда Жайыл аймактык ооруканасынан чыгарылган. Аны Бишкектеги СИЗО-1 которушат.

Эске сала кетсек, 20 жаштагы Бурулай Турдали кызы 27-майда Жайыл райондук ички иштер бөлүмүндө каза болгон. 29 жаштагы М.Б кызга үч жолу бычак сайган.

Бөлүшүү