Өзбекстандын коргоо министри Кыргызстандын аскердик делегациясын кабыл алды

Автор -

12-июнда Өзбекстандын коргоо министри Абдусалом Азизов Куралдуу күчтөрдүн Башкы штабынын төрагасы Райымберди Дүйшөнбиев баштаган Кыргызстандын аскердик делегациясын кабыл алды.

Өзбекстандык маалымат каражаттар кабарлагандай, жолугушуунун жүрүшүндө коргонуу тармагындагы кыргыз-өзбек кызматташтыгы талкууланып, аскердик багытта байланыштарды бекемдөө боюнча пикир алмашуу болду. Андан тышкары тараптар Борбор Азия аймагында коопсуздукту камсыз кылуу маселесине көңүл бурушту.

Жолугушуунун соңунда 2018-жыл үчүн эки өлкөнүн коргонуу мекемелеринин ортосундагы кызматташтык планына кол коюлду.

«Аскердик тармакта бекем нормативдик-укуктук база түзүү — эки өлкөнүн куралдуу күчтөрү үчүн кызыгуу жараткан эки тараптуу иш-чараларды уюштурууга жана ишке ашырууга мүмкүндүк берет деген үмүттөбүз. Ошондой эле ал коргонуу мекемелеринин аскердик даярдыгын жогорулатуучу плацдарм болуп, эки өлкөдө гана эмес, бүтүндөй аймакта коопсуздукту камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүгө түрткү болот деп эсептейм»,- деди Абдусалом Азизов.

Бөлүшүү