Жогорку Сот Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды

Автор -

Бүгүн, 13-июнда Жогорку Сот экс-депутат Садыр Жапаровду 11 жыл 6 айга эркинен ажыратуу чечимин күчүндө калтырды.

Соттук отурумда Жапаровдун жактоочулары жана жабырлануучу Эмилбек Каптагаев аны актоону суранган.

Эске салсак, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Каракол шаарында «Кумтөр» боюнча нааразычылык акциясындагы баш аламандыкты уюштурууга күнөөлөнүп, 2017-жылдын 25-мартында Кыргыз-Казак чек арасынан кармалып, камакка алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү