Балаӊды карызга батырба! Ысыраптуу ыксыз чоң тойлордун натыйжасы (Видео)

Автор -

Кыргыз Республикасынын маданият, маалымат жана туризм министрлиги ысырапчылыкка каршы ролик даярдады.

«Балаңды карызга батырба!» деген аталыштагы роликте жаштардын үйлөнүү үлпөтүнө чакырылгандарга толтура тамак-аш камдап, кийит жана белектерди алуу үчүн банктан олчойгон суммадагы насыя алып, бирок чакырылгандардан түшкөн каражат насыяны жаппай калганы тууралуу ой камтылган.

«Кийинки кезде коомчулукта аш-тойлордо ысырапчылыкты кантип жоюу тууралу талкуулар күч алды. Ошол талкуулар ролик даярдоого себепчи болду»,-деп айтылат маалыматта.

Маалыматтар боюнча, алынган насыялардын 20 пайызы ар кандай тойлорго жумшалат. Ролик аягында министрлик “Ысырапсыз, сарамжал жашайлы!” деп коомчулукка чакырык таштайт.

Эскерте кетсек, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги тойлордун жаңы үлгүсүнүн мазмунуна сынак жарыялады. 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү