Бишкекте жигит 18 жаштагы кызды ала качып, күч колдонуп зордуктап койгон

Автор -
436

Бишкекте 18 жаштагы кызды ала качып, артынан туугандары баргыча зордуктап салышкан. Бул тууралуу «Кылым шам» борборунун директору Азиза Абдурасулова билдирди.

Азиза Абдрасулованын айтымына караганда, жабырлануучу кыздын үй-бүлөсү шаардагы батирлердин биринде жашайт. Алар үй-бүлөсү менен Бишкекке улуу баласына үй куруп берүү үчүн жумуш издеп келишкен.

«10-июнь күнү кыз жашаган батирдин ээсинин баласы саат 17:00 чамасында кызды алдап чакырып, ала качтыруу максатында унаага салып берген. Жабырлануучунун  туугандары жана милиция кызматкерлери ала качкандардын каякта экенин таап баргычакты бир күн өтүп кеткен. Бул убакта кыздын күч колдонуп зордукталып калганы аныкталган. Учурда кыз ооруканада дарыланып жатат»,-деп билдирди Абдрасулова.

 

Бөлүшүү