24-июнга белгиленген президенттик шайлоого талапкерлигин койгон абактагы саясатчы Селахаттин Демирташтын 10 мүнөттүк кайрылуусу мамлекеттик TRT телеканалынын эфиринен көрсөтүлдү. Анда Демирташ Түркиядагы саясий системаны айыптап, аны «репрессиялык режим» деп атады.
Мыйзамга ылайык, ар бир талапкер коомдук телеканалдан 20 мүнөттүк бекер эфирдик убакыт алууга укуктуу.
Демирташ Улуттук демократиялык партиянын мурдагы лидери болуп эсептелет. Ал өлкөдө тыюу салынган күрт жоочулары менен байланышта болгон деген айып менен 2016-жылдын ноябрынан бери камакта. Партия эч кандай мыйзамсыз ишмердүүлүк жүргүзбөгөнүн жана репрессиялар оппозицияны алсыздандырууга багытталганын билдирип келет.
Өз кайрылуусунда Демирташ шайлоочуларды президент Режеп Тайып Эрдогандын «жеке режимин» токтотууга чакырып, Түркиядагы азыркы абалды тасманын «тизери» деп атап, негизги окуялар дале алдыда экенин айтты.