Ошто аял 16 жаштагы баласы менен күйөөсүн өлтүрүп, короого көмүп коюшкан

Автор -

Ош облусунда аял менен анын 16 жаштагы баласы күйөөсүн өлтүрүп, короого көмүп койгон.

Ош облустук ИИБнин басма сөз кызматы кабарлагандай, маркум 2018-жылдын 17-июнунда өлтүрүлгөн.

«Милицияга маркумдун тууганы кайрылды. 18-июнь  күнү болжол менен 02:00дөр чамасында милиция кызматкерлери короодон эркек кишинин сөөгүн табышкан. Шектүү аял 19-июнда кармалган, учурда ал көрсөтмө берип жатат»,-деп айтылат маалыматта.