Түштүк-Казакстан облусунун аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү

Автор -
486

Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев кол койгон жарлыкка ылайык, Шымкент республикалык маанидеги шаар макамын алып, облустун административдик борбору Түркестанга көчүрүлдү. Ошондой эле Түштүк-Казакстан деген облус аталышы Түркестан деп өзгөртүлдү.

Назарбаев жарлыкка кол коюп жатып, Шымкент Астана менен Алматыдай эле калкы миллиондон ашкан шаарлардын катарына киргенин айтты.

«Бүгүн мен кол койгон жарлык Шымкентке республикалык маанидеги шаар деген макам берет… Облус борбору кылымдардан бери Казак хандыгынын жана бүтүндөй түрк дүйнөсүнүн саясий жана руханий жүрөгү болуп келген Түркестан шаары болот. Шымкент болсо биздин гана өлкөнүн эмес, бүтүндөй Борбор Азия аймагынын инвестицияларды, технологияларды жана интеллектуалдык ресурстарды тартып турган жаңы борборуна айланат», — деди Назарбаев.

5-июнда Түштүк-Казакстан облусунун маслихаты облус борборун Шымкенттен Түркестанга көчүрүү жана Шымкентке республикалык маанидеги шаар макамын берүү сунушун жактырган.

Түркестан Шымкенттин түндүк-батыш тарабында 170 чакырым алыстыкта жайгашкан. Калкынын саны 260 миңге жакын. Түркестанда «Хазрет-султан» тарыхый-маданий музейи бар. Анын аймагында зыяратчыларды өзүнө тартып турган Хожи Ахмет Яссаунун мавзолейи жана башка орто кылымдагы бир топ курулуштар жайгашкан.

Бөлүшүү