Аялы менен баласы кредит алган атасын өлтүрүп, короого көмүп коюшкан. Окуянын чоо-жайы

Автор -
284

Кара-Суу районунун Кашкар-Кыштак айылында 17-июнда саат 08:00 чамасында 42 жаштагы тургундун жансыз денеси үйүнүн короосунда көмүлгөн абалда табылды. Бул тууралуу Ош ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Ош ОИИБдин маалыматына ылайык, маркум киши колдуу болгону аныкталып, кылмыштын изи сууй электе Ош ОИИБдин Криминалдык милиция кызматынын жана Кара-Суу РИИБдин кызматкерлери тарабынан Кашкар-Кыштак айылынын тургундары — 1981-жылы туулган А.Х. (каза болгон адамдын аялы) жана 2002-жылы туулган М.у И. (уулу) колго түшүрүлгөн.

«Алдын ала иликтөөнүн жүрүшүндө кылмышка жубайлардын ортосундагы пикир келишпестик себеп болгону аныкталды. Маркум 53 миң сомго автоунаа сатып алып, анын акысын төлөө үчүн насыя алууну чечкен. Бирок аялы насыя алууга каршы болуп, жыйынтыгында талаш-тартыш жаралган»,-деп айтылат маалыматта.

Алынган насыяны ай сайын төлөөдө кыйынчылык болгондуктан маркум үйүн сатууну чечкен. Бирок аялы бул чечимине каршы болуп, экөөнүн ортосунда уруш чыккан. Уруш дээрлик 8 айга созулган. Уруштун аягы 42 жаштагы тургундун өлүмү менен аяктаган.

2018-жылы 16-июнга караган түнү 1976-жылы туулган М.А. менен 1981-жылы туулган аялы А.Х.нын ортосунда жаңжал чыккан. Апасына болушкан уулу атасын таяк менен башка чаап жиберген. Ал эми аялы бир нече жолу бычак менен ичине сайган. Кылмыштын изин жашыруу максатында денени үйүнүн алдындагы жер тилкеге көмүп коюшкан.

Кылмышка шектүүлөр болгон окуяны жашыруу үчүн маркумдун атынан кат жазышкан: «Мен капысынан Россияга жумушка кеттим. Силер менен коштошконго убактым болбоду. Үйдүн документин чоң уулума берип койгула, паспорт алып алсын, насыяга алган автоунааны сатып, насыяны төлөшсүн», — деп жазылган катты туугандарына алып барып көрсөтүшкөн.

Маркумдун бир тууган агасы каттагы жазуу башка адам тарабынан жазылганын байкап, 17-июнга караган түнү болжол менен түнкү саат 00:30 чамасында бир тууганын издеп үйүнө келген. Ал келген учурда маркумдун аялы кан болгон жууркандарын өрттөп жаткан. Өрттөлүп жаткан жууркандарга суу куюп өчүрүп, дароо милицияга кабар берген. Шектүү аял милицияга кабар берилгенин угуп, изин жашырууга үлгүргөн. Милициянын айылдагы ыйгарым өкүлдөрү ыкчам иш-чараларды жүргүзүп, аталган үйдүн чарбагынан маркумдун жерге жашырылган жансыз денесин табышкан.

Бул факты боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 97-берененин (адам өлтүрүү) негизинде кылмыш иш козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Алар соттун чечими менен 2 айга камакка алынды.

Бөлүшүү