Шашылыш билдирүү: туруксуз аба ырайы күтүлөт!

Автор -
269

«24-июнда күндүз жана 25-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо жайгашкан жайлоолордо жаан карга айланышы күтүлөт»,-деп билдирет КР ӨКМнин басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, тоо этектеринде жана тоолуу райондордо жана Ысык-Көл ойдуңунун чыгышында жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 17-22 метрге жетиши күтүлөт.

Мындай туруксуз аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайлоолордо малды кармоону кыйындатат.