Акыйкатчы Кубат Оторбаев, Кыйноонун алдын алуу боюнча улуттук борбордун жетекчиси Нурдин Сулайманов жана парламенттин бир нече депутаты абактагы депутаттар Канатбек Исаев, Осмонбек Артыкбаев, мурунку премьер-министрлер Жантөрө Сатыбалдиев, Сапар Исаков жана Жалал-Абад шаарынын мурунку мэри Салайдин Авазов менен жолугуп чыгышты. Бул тууралуу Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы кабарлады.
Жолугушууда Артыкбаев ден соолугуна байланыштуу бөгөт чарасын өзгөртүп, үй камагына чыгарып берүүнү өтүндү. Ал эми Сатыбалдиев адвокаттарга жолугушуу зарыл экенин белгилеген. Авазов үй-бүлөсү менен көрүштүрүүнү суранса, Исаков тергөө изолятордун шартына нааразычылыгы жок экенин билдирген.
Эске салсак, быйыл 26-январдагы Бишкек Жылуулук электр борборундагы авариядан улам Кытай берген 386 миллион доллардын максаттуу сарпталганы суроо жараткан. Башкы прокуратура Кылмыш-жаза кодексинин «Коррупция» беренеси менен иш козгоп, УКМК тергөө баштаган. Бул фактыларга байланыштуу бир нече саясатчылар камакка алынган