Башкы прокуратура WhatsApp аркылуу элдин суроосуна жооп берет

Автор -
276

Башкы прокуратура жарандар үчүн «Укуктук колдоо» аттуу тынымсыз байланыш киргизет. Анда эл 25-июндан 25-июлга чейин WhatsApp аркылуу өз суроолорун узата алат. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 25-июндан 25-июлга чейин прокуратура органдарынын “«Правовая поддержка/Укуктук колдоо» ыкчам линиясы иштейт.

“Укуктук колдоо” жарандардын суроо жана билдирүүлөрүнө ыкчам түрдө жооп берүүгө багытталган.

Маалыматка ылайык, келип түшкөн суроолор Башкы прокуратуранын борбордук аппараты жана аймактагы прокуратура органдарынын кызматкерлерине берилет.

Жарандар өздөрү кызыккан суроолорду +996 550 75 39 77 номерине WhatsApp тиркемеси аркылуу жибере алышат.

Бөлүшүү