«Telegram» жана «ВКонтакте» социалдык байланыш каналдарын түптөгөн Павел Дуров Казакстан журналисттер бирикмесинин «Интернет-долбоор» номинациясы боюнча атайын сыйлыгын алды.
Уюмдун билдирүүсүндө Дуровго «цензурага жана Интернетте жарандардын ээн-эркин кат алышуусуна мамлекеттин кийлигишүү аракетине каршы темирдей бекем тургандыгы үчүн» ыйгарылганы жазылган.
Жалпысынан сыйлыкка 12 журналист жана бир чыгармачыл топ татыктуу болду.
Павел Дуров анын сервистери эч качан укук коргоо органдарына колдонуучулардын жеке кат алышууларын бербей турганын бир канча жолу айткан. Telegram жетекчисинин мындай принципиалдуу позициясынан улам быйыл мессенжерге Орусияда бөгөт коюлган.