Эртеӊ, 26-июнда көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11…16, күндүз 22…27;
Баткен облусунда түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 12…17, күндүз 26…31;
Талас жергесинде түнкүсүн 9…14, күндүз 22…27;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 6…11, күндүз 20…25;
Нарын облусунда түнкүсүн 5…10, күндүз 20…25 градус болот.
26-июнда Бишкек шаарында күндүз өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 14…16 градус, күндүзгү температурасы 25… 27 градус болот.