Бишкекте ремонттон кийин 7-Апрель көчөсүнүн бир бөлүгү ачылды

Автор -
300

Бишкекте ири көчөлөрдүн бири болгон 7-Апрель (мурдагы Шабдан баатыр) көчөсүндөгү ремонт иштеринен кийин жолдун батыш бөлүгү ачылды.  Бул тууралуу Мэриянын алдындагы Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.

Маалыматка ылайык, оңдоо иштери Чүй проспектисинен Анкарага (Горький) чейинки бөлүгүндө (2200 чакырым) жүргүзүлгөн.

Жолго бордюрлар орнотулуп, жаңы технология менен асфальт төшөлдү.