Бишкекте Түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт

Автор -

Бишкекте 26-30-июнь күндөрү Түрк тасмаларынын жумалыгы өтөт. Бул туурасында Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын кино сүйүүчүлөрү түрк кино режиссёрлорунун акыркы жылдары жараткан «Кызыл жоолук жалжалым», «Үй-бүлө арасында», «Сыя-көк мейкиндик», «Мазарчы», «Тоо-2» тасмаларын көрө алышат.

Иш-чаранын алкагында түрк режиссёрлору жана актёрлору күйөрмандары менен жолугушат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү