«Кепилдик фонду» ААКнын уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлдү

Автор -

«Кепилдик фонду»  ачык акционердик коомунун уставдык капиталы 300 млн сомго көбөйтүлдү. Тиешелүүчечимге Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев кол койду.

Көрсөтүлгөн чечим «Кепилдик фонду»  ачык акционердик коомунун ишмердигинин таасирдүүлүгүн жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын аймактарында чакан жана орто ишкерлик субъекттеринин кепилдиктерге керектөөсүн кыйла толук канааттандыруу үчүн шарттарды түзүү максатында кабыл алынды.

«Кепилдик фонду»  ачык акционердик коомунун уставдык капиталын көбөйтүү тууралуу чечим Өкмөттүн 2017-жылдын 31-мартындагы № 194 токтому менен бекитилген 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасын аймактык өнүктүрүү Концециясынын жоболорун ишке ашырууга багытталган.

Бөлүшүү