Шымкент 2020-жылы КМШнын маданий борбору болот

Автор -
265

2020-жылы Көз карандысыз өлкөлөр шериктештигинин (КМШ) маданий борбору Шымкент шаары болот. Бул тууралуу маалымат КМШнын аткаруу комитетинин расмий сайтына жарыяланды.

«2017-жылы 11-октябрда КМШга мүчө өлкөлөрдүн мамлекет башчыларынын Сочиде өткөн жыйынында мамлекеттер аралык «Шериктештиктин маданий борборлору» аттуу программаны 2018-жылы Арменияда (Горис шаары), 2019-жылы Беларуста (Брест шаары) жана 2020-жылы Казакстанда (Шымкент) ишке ашыруу чечими кабыл алынган», — деп жазылган мекеменин билдирүүсүндө.

19-июнда Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев «Казакстан Республикасынын айрым административдик-аймактык маселелери жөнүндөгү» жарлыкка кол койгон. Ага ылайык, Шымкент республикалык маанидеги шаар макамын алып, облустун административдик борбору Шымкенттен Түркестан шаарына көчүрүлгөн. Андан тышкары Түштүк-Казакстан облусунун аталышы Түркстан облусу деп өзгөртүлгөн.

Бөлүшүү